МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикмеге Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча УШКдын протоколдорун териштирүүдөн баш тартылды

21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикменин байкоочуларынын көзөмөлдүк даттаануусу каралды. Жогорку сот Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтыруу жана “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук бирикменин көзөмөлдүк даттаануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Эскерте кетсек, көрсөтүлгөн уюм Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна 2011-жылдын 12-ноябрындагы “2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Ррепсубликасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө” КР БШКнын № 418 токтомун жокко чыгаруу тууралуу доо арызы менен кайрылган. Бул уюм көрсөткөн малыматтар боюнча 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону мониторинг жүргүзүүдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылган УШК протоколдордун жана байкоочулар алган протоколдордун маалыматтарын салыштырууда Бишкек шаарынын Октябрь районунун айрым шайлоо участкаларында дал келбестиктер табылган.

15-ноябрда Биринчи май райондук сот тараптардын өкүлдөрүнүн түшүндүрүүлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, доо арызды канаатандыруудан баш тартууну чечкен. Соттун чечимине ылайык, баш тартуунун негизи болуп, Бишкек шаарынын Октябрь районунун айрым УШК маалыматтары КР БШК расмий сайтында фальсификациялангандыгы тууралуу доогердин тастыкталбаган жүйөөлөрү болду, анткени анын юридикалык күчү жок ошондуктан так эмес болушу мүмкүн.

Ошондой эле, бардык келип түшкөн даттаанууларды жана кайрылууларды карап чыгууну бүтүрө электе КР БШК 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 418 токтомун кабыл алгандыгы тууралуу доогердин жүйөөлөрү тастыкталган жок.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Борбордук шайлоо комиссия шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) боюнча жыйынтыктоочу жыйналыш өткөргөн жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алган. Жыйынтыгында, сотко КР БШК кириш номери коюлган жана жооп берилбеген бир дагы даттаануу жана кайрылуу көрсөтүлгөн эмес.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1549). 22 Ноября 2011 г.