МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыянбек Сатыбалдиев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп шайланды

Бүгүн Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Шаар жетекчисинин кызмат ордуна «Ата-Мекен», «Ата-Журт», КСДП, «Замандаш-современник» фракцияларынан төрт адам Алмазбек Курманкулов, Кыянбек Сатыбалдиев,  Абдиллажан Оморов жана Максат Оконбаев расмий каттодон өткөн.  Талапкердин ичинен Кыянбек Сатыбалдиев шаардык Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушун алып, шаардын аткаруу бийлигинин башчысы болуп шайланды.  Анын талапкерлигине 31 депутаттан 22 депутат ишеним көрсөтүштү.

Шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык жана таза өттү.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын

басма сөз кызматы 

Карап чыгуулар: (1248). 17 Июля 2013 г.