МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган иш-чара

Бүгүн, 2016-жылдын 4-февралында, КР БШКнын имаратында Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган иш-чара өттү. Бул иш-чарага студенттер, окучуулар жана ЖМК өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чаранын катышуучуларын БШК төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова жана БШКнын мүчөсү Жеңишбек Акматов куттуктоо сөзү менен тосуп алышты. Келген меймандар үчүн БШКнын имаратынын ичинен экскурсия өткөрүлдү.

Экскурсия аяктаган соң, студенттерге “Чет өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын шайлоо системасы” аталышта лекция БШК мүчөсү Нурмамат Ашимов тарабынан окулду. Ошол эле убакта, окучуулар үчүн БШК төрагасынын орун басары Гульнар Джурабаева тарабынан “Мен келечектеги шайлоочумун” аттуу тренинг өткөрүлдү. Лекция жана тренинг учурунда, жаңы киргизилген автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) көрсөтүлдү.

Иш-чаранын аягында, студенттерге жана окучууларга китеп түрүндө КРдин Конституциясы жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзам белек катары тапшырылган.       

 

Карап чыгуулар: (757). 4 Февраля 2016 г.