МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин байкоочулар миссиясы: Референдум ачык-айкын жана кесипкөй деңгээлде өттү

Бүгүн 12-декабрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) байкоочулар миссиясыжурналисттер менен жолугушуп, өткөн референдум тууралуу өз пикирлери менен бөлүштү.

ТМККнын башкы катчысынын орун басары Омер Кожамандын айтуусу боюнча миссия өз ишин КР мыйзамдарына жана жалпы кабыл алынган эл аралык ченемдерге ылайык жүргүздү. “Биз бир катаршайлоо участокторунда болуп, аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен жолуктук. Алар бизгедобуш берүүнүн жүрүшү тууралуу кеңири маалымат беришти.

Миссия эч кандай мыйзам бузууларды аныктаган жок. Референдум ачык-айкын жана кесипкөй деңгээлде өттү. Шайлоочулардын келиши жогорку деңгээлде болгонун белгилей кетким келет. Добушберүүгө биринчи жолу катышып жаткан жарандарга сертификаттар берилди”, - деди ал. Өз кезегинде Азербайжан Республикасынын БШКсынын катчылыгынын башчысы Эльшат Асгаровреферендум жакшы уюшулганын жана ачык өткөнүн баса белгиледи.

“Шайлоодо заманбап технологиялар колдонулду. Мен бул тармактагы жетиштүү тажрыйбам менен мындай технологияны биринчи жолу көрүп олтурам. Мен референдумдун жыйынтыктары кыргыз эли үчүн оң болушун каалар элем”, деп билдирди ал.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (4363). 12 Декабря 2016 г.