МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын байкоочуларынын миссиясы: Биз кыргыз тажрыйбасын колдонуу үчүн маалымат алып жатабыз

10-декабрда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын байкоочуларынын миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Шайлдабекова референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоонун жаңы технологиялары – жарандарды биометрикалык маалыматтары боюнча иденттештирүү жана башка шайлоочу үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жок кылуучу, шайлоочулардын добуштарын так эсептөөнү камсыздоочу автоматтык эсептөөчү урналар пайдаланыларын билдирди.

Бул жаңы технологиялар 2015-жылы КР Жогорку Кеңешкежана үстүбүздөгү жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоододагы колдонулган. 11-декабрда 22 шаарда жана 389 айылда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. “Референдум биринчи жолу жаңы ыкмаларды колдонулуп, жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен айкалыштырылып өтүүдө. Бул БШК үчүн – сыноо, бирок автоматташтырылган тутум саат 20.00дө участоктор жабылгандан кийин бир сааттын ичинде добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктарын алууга мүмкүндүк берет”, деп белгиледи БШК башчысы.

Кыргызстандыктар көп долбоорлорду алгачкылардан болуп баштайт, деп белгилештитүрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын байкоочуларынын миссиясынын өкүлдөрү. Эл аралык байкоочуларкыргыз тажрыйбасын өздөрүндө колдонуу үчүн маалымат топтоп жатканын айтышты. Алардын айткандары боюнча көпчүлүк өлкөлөрдө шайлоодобиометрика менен компьютерлерди пайдаланышпайт, бул жагынан Кыргызстан алдыда келатат.

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынынөкүлдөрү КР Борборшайкомго шайлоо менен референдумду ийгиликтүү өткөрүүнү каалашты. 11-декабрда республика боюнча 2 365референдумучастогу, анын ичиндечет өлкөлөрдө 35 участок ачылат. 1902шайлооучастогунда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1127). 10 Декабря 2016 г.