МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

2011 – жылдын 9 – сентябрына карата Кыргыз республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси 65 адамды түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы 8 – сентябрдагы Тил боюнча комиссиянын биринчи жыйынынын натыйжасы боюнча 2011 – жылдын 9 – сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ичинен Байгуттиев Сейтек жана Булекбаев Эркин чыгып кетишти.

Кыргыз Республикасынын   Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011 – жылдын 5 – сентябрындагы № 229 “Өзүнүн шайлоо фондусун түзбөгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө” токтомуна ылайык 11 талапкер: Асылбеков Куттубек, Бердикеев Бийназар, Дыйканбаев Төлөн, Рустенбеков Жаныш, Кенжекулов Полотбек, Кулуев Мадияр, Осоев Арстанбек, Парманов Алмаз, Садыков Айбек, Сулайманкулов Нышанбай, Турдумалиев Сазыкбай талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.

Мурда Кыргыз республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигине өзүн өзү көрсөтүшкөн: Мотуев Нурлан, Трофимов Игорь, Токтогазиев Талайбек, Виноградов Виктор, Бабакулов Улукбек  өз талапкерлигин чакыртып алуу тууралуу арыз менен Боршайлоокомго кайрылышкан.  

Ушундан улам 2011 – жылдын 9 – сентябрына карата Кыргыз республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси 65 адамдан турат:

 1. Сариев Акылбек, 1962 ж.т., убактылуу иштебейт; 

 2. Мергенов Марат, 1965 г.р., жеке адвокат;

 3. Кудабаев Зарылбек, 1953 ж.т., экономика илимдеринин доктору, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин профессору;

 4. Абылов Мамбетжунус, 1954 ж.т., экономика илимдеринин кандидаты, убактылуу иштебейт;

 5. Байболов Кубатбек, 1952 ж.т., убактылуу иштебейт;

 6. Алымкулов Нурлан, 1959 ж.т., убактылуу иштебейт;

 7. Керимбеков Бакыт, 1961 ж.т., «Элдик демилге борборунун» коомдук бирикмесинин Президенти;

 8. Карабаева Айсалкын, 1966 ж.т., Ош ш. жеке адвокат;

  9. Арабаев Калыбек, 1942 ж.т., “Чолок-Туума” дыйкан чарбасы жана Асыл-тукум кой өстүрүү чарбасынын жетекчиси;

 10. Калбаев Толонбай, 1955 ж.т., Ош шаардык «Көрктөндүрүү» КУнун президенти, «Республика» саясий партиясынын мүчөсү;

11. Камчиев Жамбылбек, 1954 ж.т., аймактардагы таланттарды колдоо үчүн «Куудул-Аралаш» коомдук фондусунун президенти, «Асаба» саясий партиясынын мүчөсү;

12. Апасов Кубанычбек, 1950 ж.т., А.Н.Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Илимий борборунун РАМН (Москва ш.) жетектөөчү илимий кызматкери, «Эл Журт» саясий партиясынын төрагасы;

13. Кудайбергенов Борончу, 1966 ж.т., «Жайсан»ЖЧКнын директору, “Азия-Рекордс” ЖЧКнын башкы директору;

14. Ибрагимова Гайша,  1951 ж.т., «Илим» билим берүү комплексинин директору, “Билим берүү мекемелеринин Союзунун” Президенти;

15. Абышев Аскарбек, 1964 - ж.т, “Кыргызспецэкспорт” ЖЧКнын башкы директору

16. Сооданбеков Уланбек, 1973 -ж.т, убактылуу иштебейт;

17. Боромбаев Мурат, 1958 -ж.т., орус тили жана адабияты мугалими;

18. Султанов Марат, 1960  -ж.т., КР Жогорку Кеңешинин депутаты;;

19. Оморов Роман, 1950 -ж.т., техника илимдердин доктору, КР Улуттук Академиясынын Техпаркынын директору, КР Улуттук илимдер Академиясынын “Башкаруу системасынын синергетика жана сызыксыз динамика” лабораториясынын башчысы, Баласагын атындагы КМУнун “Инноватика жана инновациялык иштер” кафедрасынын профессору;

20. Исабеков Кубанычбек, 1957-ж.т., юридикалык илимдеринин кандидаты, КР эмгек сиңирген экономисти, Кыргыз Республикасынын 3-4-чакырылыштарынын  Жогорку Кенештин Төрөгасынын орун басары, “Нарын” Кыргыз-Германиялык ЖЧК генералдык директору;

21. Токтогазиев Жумабек, 1958 -ж.т.,  «Шатен» курулуш фирмасынын директору;

22. Пиримбаев Жусупжан, 1954-ж.т., “Реформа” журналынын башкы редактору, “Манас” КТУ экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты;

23. Иманкулов Марат, 1960-ж.т., КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору;

24. Мактымбаев Калмамат, 1952-ж.т., Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери;

25. Колубаев Торобай, 1969 ж.т., убактылуу иштебейт;

26. Матубраимов Алмамбет, 1952–ж.т., техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, “Кыргыз Эл Биримдиги” КУ төрагасы;

27. Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 –ж.т., “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы, “Силани” ЖЧКнын директору, “Саруу” КУнун төрайымы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз эл биримдиги” КУнун мүчөсү;

28. Исаев Жумабек, 1962 ж.т., убактылуу иштебейт;

29. Айманбаев Муканбайжан, 1956 ж.т., убактылуу иштебейт;

30. Кадыркулов Качкынбай, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору;

31. Дыйканов Сооронбай, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору;

32. Казакбаев Оомат, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт;

33. Нышанов Назарбек, 1961 – ж.т., “Лига –Антикризис” КУ президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы;

34. Ыбышев Ырыскелди, 1952-ж.т., “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү;

35. Жапаров Акылбек, 1964-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясий партиясынан депутат, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги;

36. Сүйналиев Жаныбек, 1955–ж.т., жумушсуз;

37. Айтикеев Акбаралы, 1958–ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер;

38. Бөлтүрүков Өмүрбек, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору;

39. Иманалиева Асида, 1968–ж.т., убактылуу иштебейт;

40. Каримов Алмазбек, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору;

41. Суваналиев Өмүрбек, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору;

42. Токтосунова Дамира, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт;

43. Султанидинов Сайнидин, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

44. Айтымбетов Эрнис, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти;

45. Эгембердиев Өмүрбек, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти;

46. Өмүралиев Темиркул, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт;

47. Осмонов Курманбек, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясий партиясынын мүчөсү;

48. Стамбаев Жылдызбек, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт;

49. Нарикеев Тургунбек, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси:

1. Тюлеев Нариман, 1963-ж.т. (“7-апрель Жаштар кыймылы” саясий партиясы);

2. Медетбеков Шамшыбек, 1963-ж.т. (“Эл бийлиги” партиясы);

3. Дыйканов Салморбек, 1953 ж.т., (“Асаба”);

4. Уметалиева Токтайым, 1962-ж.т., (“Жашасын Кыргызстан”),

5. Атамбаев Алмазбек, 1956-ж.т., (“Кыргызстан социал-демократтар партиясы”);

6. Сатыбалдиев Жанторо, 1956 ж.т., («Бакубат Кыргызстан»);

7. Калматов Анарбек, 1963 ж.т («Ар-Намыс»);

8. Асанбеков Темирбек, 1966 ж.т.,     («Мекен Ынтымагы»);

9. Малиев Арсланбек, 1957-ж.т. (“Аалам-партияда жоктордун партиясы”);

10. Текебаев Өмүрбек, 1958 ж.т., («Ата-Мекен»);

11. Бакир уулу Турсунбай, 1958 ж.т.,  («Эркин Кыргызстан»);

12. Парманкулов Замирбек, 1971–ж.т., (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” ),

13. Масалиев Исхак (Кыргызстан коммунистеринин партиясы),

14. Ташиев Камчыбек («Ата-Журт»);

15. Мадумаров Адахан («Бүтүн Кыргызстан» – («Единый Кыргызстан»));

16. Абдылдаев Арстанбек («Эл үчүн» («За народ»).

 

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” констиуциялык Мыйзамдын 52 – беренесинин 7 – пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоодогу колтамгаларды чогултуу боюнча колтaмга баракчаларын кабыл алуу бүгүн  саат 00 – 00 минутада аяктаарын эскерте кетебиз.

Талапкерлерди каттоо 2011–жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.

 

  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (1989). 9 Сентября 2011 г.