![]() КР БШКнын жыйынтыктоочу отурумунда референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берилди |
Бүгүн - 2016-жылдын 22-декабрында КР БШКнын жыйынтыктоочу отурумунда КР БШКнын мүчөсү, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнчажумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиев БШКнын кароосу үчүн референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө түшкөн бардык арыздар (даттануулар) жана ар бир арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берди. Берилген маалыматка ылайык Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумун даярдоожана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумду өткөрүү учурунда шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топторго шайлоо процессинин катышуучуларынан 18 арыз жана даттануу, анын ичинде 12 даттануу үгүт топторунан, 5 даттануу шайлоочулардан жана шайлоо процессинин катышуучуларынан, 1 даттануу коомдук уюмдардан түшкөн. Түшкөн кайрылуулар жана даттануулар төмөнкү маселелер боюнча: - 1 кайрылуу шайлоочулардын тизмелери жана шайлоочуну иденттештирүү (бир шайлоочуөзүн башка участоктогу тизмеден тапкан, дагы бир шайлоочу биометрикалык маалыматтарын тапшырганына карабастан, өзүн тизмеден тапкан эмес, шайлоочунун манжа издери окулган эмес); - 7 кайрылуу добуш берүү убагындагы жана натыйжаларын аныктоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча (чекке алмашпай бюллетень берүү, маркердин бюллетендин арткы бетинен көрүнүп калганы, АЭУ жыйынтыктарынын кол менен саноонун жыйынтыктарына дал келбеши); - 7 кайрылуу үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандык боюнча (ЖМК жана референдумдун катышуучуларынын үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы); - 3 кайрылуу мамлекеттик мекеме, органдардын аракеттерине же аракетсиздигине (“макул” жана “каршы” үгүт топторуна мамлекеттик мекеме, органдардын көмөктөшпөгөнү). Көрсөтүлгөн кайрылуулар жана даттануулар боюнча КР БШК тарабынан төмөнкү чечимдер кабыл алынды: - 8 кайрылуу жумушчу топ тарабынан мыйзам талаптарына ылайык маңызы боюнча кароо жана тиешелүү чара көрүү үчүн мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү; - 11 кайрылуу боюнча жумушчу топтор чечим кабыл алышкан, алардын сегизи КР БШКнын жыйынына коюлуп, БШК тиешелүү чечимдерди кабыл алган; - ЖМКларга («ЭлТР», «КТРК», «5-канал», «Азия news» жана «Вечерний Бишкек»газеталары) карата шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузууга жол берилбестик тууралуу 5 эскертүү берилди; - 4 кайрылуу тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү; - шайлоочулардын тизмелериндеги кемчиликтерге байланыштуу1 арыз Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөтүлдү; - 2 арыз боюнча КР БШК“макул” жана “каршы” үгүт топторуна мыйзамга ылайык үгүт жүргүзүүсү үчүн шайлоочулар менен жолугушууларды уюштурууга көмөктөшүү жөнүндө маселе менен жогорку окуу жайларына кайрылды; - 3 даттануу маңызы боюнча кароо жана тиешелүү чара көрүү үчүн аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү. Ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын талаптарын бекем сактоо маселеси боюнча БШК эки жолу ЖМКларга кайрылуу жасады. Берилген маалыматты кароонун жыйынтыктары боюнча КР БШКнын жыйынында ал маалыматты эске алуу жана Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде түшкөн арыздаржана даттануулар жөнүндө реестрди жыйынтыктоочу протоколго тиркөө чечими кабыл алынды.
КР БШК басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (962). 23 Декабря 2016 г. |