МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасы бекитилди

2013-жылдын 26-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн  сметасы 15 475 400 (он беш миллион төрт жүз жетимиш беш миң төрт жүз) сом суммасында бекитилди. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында кабыл алынды жана БШКнын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгына каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзүү тапшырылды. Бул жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мурда кабарлагандай  мамлекет башчысынын 2013 жылдын 11жана 15 апрелинде кол койгон  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине  мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндөгү» жана  «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндөгү» Жарлыктарынын негизинде ушул жылдын 26- майында  жергиликтүү кенештеге шайлоолор өткөрүлөт.

                          Кыргыз Республикасынын  Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 

 

Карап чыгуулар: (1177). 18 Апреля 2013 г.