МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын бүт аймагында добуш берүү башталды

Бүгүн 2016-жылдын 11-декабрында саат 8.00дө бардык 2365шайлоо участогунда Кыргыз Республикасынынреферендумунун катышуучулары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоочулар добуш бере башташты.

Добуш берүү, ошондой эле, Кыргызстандын чегинен тышкары түзүлгөн 35 шайлоо участогундаөтүүдө. Добуш берүүучастоктору ачылган учурга карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катталган (биометрикалык каттоонун негизинде) шайлоочулардын жалпы саны - 2 313 525; референдумга катталган (биометрикалык каттоонун негизинде) катышуучулардын жалпы саны – 2 851 952;референдумдун шайлоо участокторунун (чет өлкөлөрдөгү 35 участокту кошкондо) жалпы саны - 2 365; жергиликтүү кеңештердин шайлоо участокторунун (чет өлкөлөрдөгү участокторду кошкондо) жалпы саны – 1902; пайдалануудагы АЭУлардын жалпы саны – 5712; шайлоо участокторундагы АЭУлардын (анын ичинде чет өлкөлөрдөгү 26сы) жалпы саны – 5637.

Кыргыз Республикасындагыреферендумдун жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүнө дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн 46 уюмдан 181 эл аралык байкоочу аккредиттелген. Андан сырткары, добуш берүүнүн жүрүшүнө коммерциялык эмес уюмдардан, саясий партиялардан жана талапкерлерден бир нече миң байкоочу байкоо жүргүзүшөт.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1197). 11 Декабря 2016 г.