МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Жергиликтүү Кеңештердин депуттарын шайлоодо өлкөнүн үч облусунда жогорку активдүүлүк байкалууда

Кечээ, 2011-жылдын 28-мартында Ош, Баткен жана Талас облустарынын 6 районунда жергиликтүү Кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. Ушул аймактардагы 13 жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо 2011-жылдын 17-апрелине белгиленген.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына аймактык комиссиялардын берген маалыматтары боюнча 171 мандатка 35 округдан жергиликтүү Кеңештердин депутаттыгына 376 талапкер көрсөтүлүүдө. Ар бир мандатка орточо 2,1 талапкер көрсөтүлгөн. Мында саясый партиялар талапкерлердин жарымынан азын көрсөтүшкөн.

Талапкерлерди көрсөтүүдө эң активдүүлүк Талас облусунда байкалган: үч мандаттуу Шекер шайлоо округунда 19 талапкер көрсөтүлгөн (бир мандатка орточо 6,3 талапкер). Ош облусунда Отуз-Адыр айыл Кеңешинин Ош шайлоо округунда 7 мандатка 27 талапкер көрсөтүлгөн. Баткен облусунун Ак-Сай айылдык кеңешинде 3 мандатка 13 талапкер күрөшмөкчү.

Ош облусу боюнча 206 талапкер катталган, алардын 192си өз алдынча көрсөткөндөр, саясый партиялардан болгону 14 талапкер көрсөтүлгөн; Талас облусу боюнча 76 талапкер, анын ичинен өз алдынча көрсөтүү боюнча 20 талапкер, саясый партиялардан-8, шайлоочулардан 46 жана эмгек коллективдеринен 2 талапкер жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер болуп катталган; Баткен облусу боюнча 94 талапкер катталган, анын 65и өз алдынча көрсөтүлгөндөр, 29у саясый партиялардан көрсөтүлгөндөр.

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү Кеңештерге шайлоону байкоону эл аралык байкоочулар биринчи жолу изилдөөнү каалагандыгын билдиришкен. Кыргызстанга өзүнүн байкоочуларын демократия жана адам укуктары боюнча Бюро (БДИПЧ) ОБСЕ жана АКШ Улуттук демократиялык институту (NDI) байкоочуларын жиберүүлөрү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 84-беренесинин 3-пунктуна ылайык жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын каттоо шайлоо күнүнө 20 календарлык күн калган чейин аяктайт. 

Карап чыгуулар: (2256). 29 Марта 2011 г.