МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШКнын жыйынында “2017-жылдын 28-майына дайындалган Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары өзгөрүлдү

 

24-апрелде өткөн БШКнын жыйынында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин төрагасынын жана тургундарынын кайрылууларын эске алынып жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, БШК “2017-жылдын 28-майына дайындалган Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликттүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү тууралуу” БШКнын 2017-жылдын 6-апрелиндеги №80 токтомунун Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин №1 Бактуу-Долоноту шайлоо округун (УШК №3030) 6 мандат кылып бөлүштүрүү жана №3 шайлоо округунун (№3052, №3032 УШК) чек араларын шайлоо округдарга бөлүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилди:

 

3-шайлоо округуна Чек арасы – батыш тарабы С.Абыкеев жана О.Кыдырмаев көчөлөрүнүн чыгыш тарабы, Алжанбай, Далбай, Манас, Кенебаев, Талканбаев, Шопоков көчөлөрү, чыгыш тарабы – Кара-Суу арык суусунун батыш тарабы, Асандын ойу жана Мамажан массиви жана

 

4-шайлоо округуна – Чек арасы батыш тарабы Кара-Суу арык суусунун чыгыш тарабы, Алжанбай, Далбай, Манас, Кенебаев, Талканбаев, Шопоков көчөлөрү, Городок массиви, чыгыш тарабы Бостери айылынын чыгыш тарабы киргизилди.

 

Ошондой эле КРнын Премьер-министринин 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 260-буйругу менен Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Далиев Уланбек Эшенович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акиминин биринчи орун басары болуп дайындалгандыгына байланыштуу КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2017-жылдын 12-майында саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү токтомун кабыл алды. 

БШКнын басма сөз кызматы 


Карап чыгуулар: (1335). 24 Апреля 2017 г.