МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКнын жаседаниесинде Бишкек шаарындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек арасына өзгөртүүлөр киргизилди

 

20-майдагы КР БШКнын заседаниесинде  Бишкек шаарындагы  айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр боюнча токтом кабыл алынды.

 2017-жылы 13-майдагы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде  шаардагы айрым шайлоо участкаларынын чек араларына жана схемаларына   өзгөртүүлөрдү киргизилди.

№1001,  №1212--шайлоо участкалары убактылуу жоюлду. Ошондой эле, №1218-участоктун теңи  (Чуй пр, № 207, Кыргызстандын профсоюз Федерацясы)   № 1217-шайлоо участкасына берилди.

Бишкектин Чолпоната 3, көчөсүндө (Бишкек музыкалуу педагогикалык колледж)  № 1155-жаңы шайлоо участкасы ачыллы.

№ 1201 жана № 1202-шайлоо участоктору бириктирилди, кийин № 1201-шайлоо участкасы убактылуу жоюлмакчы (Бишкек, ул. Ахунбаев көч № 121, Бишкек музыкалуу-педагогикалык  колледжи).

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына  кайрадан түзүлгөн 1155-шайлоо участогунун участкалык шайлоо комиссиясынын составын жана резервдерин мыйзамга ылайык түзүү тапшырылды.

Заседаниеде Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын жашоочусу Д.Э.Умуралиеванын шайлоо мыйзамдуулугун бузгандыгы тууралуу арызы каралды. БШКнын чечими менен арыздагы Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин жарыялоодогу катачылыктар тууралуу бөлүгүн канааттандырылып, калган бөлүгүнөн баш тартылды.  

Талапкерлердин тизмесин жарыялоодо кеткен кемчиликтерден жыйынтык чыгарылып, мындары ары мыйзам бузууга жол берилбей тургандыгы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына көрсөтүлдү.

Заседаниеде Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо айылынын Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн жашоочулары А.Кокумова, Г.Сейдакматовалардын  Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо айылынын Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн депутаттыгына талапкер С.Б. Таабалдиевди каттоодон баш тартуу боюнча арызы каралды.  

КР БШК жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкерлерди каттоодон баш тартууга шайлоо мыйзамдуулгунда каралган жетиштүү  далилдердин жоктугуна негиздеп , Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо айылынын Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн А. Кокумова А, Г. Сейдакматовалардын  арызынан баш тартуу чечимин кабыл алды.


КР БШКнын Аппаратынын маалымат бөлүмү


Карап чыгуулар: (4639). 20 Мая 2017 г.