МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШК жыйынында 2017-жылдын 28-майына дайындалган, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участокторунун схемасы жана чектери бекитилди, Жалал-Абад АШКнын курамы түзүлдү

 2017-жылдын 18-апрелиндеги БШК жыйынында Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңешинин №5 Бирлик-Сейдахматов округунун чектерин: “Бирлик” шайлоо округуна (УШК №5353) жана “Сейдахматов” шайлоо округуна (УШК№5521)  бөлүү жөнүндө С.Юсупов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын жана жашоочуларынын КР БШКнын дарегине кайрылуусу каралды жана колдоого алынды.

 Ошондой эле АШКнын чечиминин негизинде, КР БШКсы 2017-жылдын 28-майына дайындалган, Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын  бир катар жергиликтүү кеңештериндеги мөөнөтүнөн мурда шайлоолор боюнча шайлоо округдарынын жана участокторунун схемасын жана чектерин бекитти. Бардыгы 48 шайлоо округунун жана 107 шайлоо участогу бекитилди.

 Жыйындын жүрүшүндө БШКнын токтому менен резервден Жалал-Абад АШКсынын жаңы курамы түзүлүп, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына документ берген жети саясий партиянын ичинен, алты саясий партиянын өкүлдөрү кирди: “Мекеним Кыргызстан”, “Өнүгүү –Кыргызстан”, “Туран”, “КСДП”, “Замандаш”, “Бир бол”. Ал эми  “Кыргызстан” саясий партиясынын өкүлү резервге кирди. “Замандаш” саясий партиясынын Жалал-Абад АШКнын ишине катышуудан баш тарткандыгын эске алып, АШКнын курамына чүчү кулак боюнча кийинки орундагы “Кыргызстан” саясий партиясынын өкүлү кирди.

 Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы У.И. Дөкөнбаевдин -Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими болуп дайындалганына байланыштуу БШК 2017-жылдын 4-майына Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындады.

 Мындан тышкары, Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинде көптөн күтүлгөн  депутаттардын биринчи сессиясы өтүп депутаттардын көпчүлүк добушу менен кеңештин төрагасына З.Д.Амангелдиев шайланды. Ак-Суу жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларына шайлоолорду өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылды. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн жана Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 4-майына дайындалды.

 Ошондой эле БШКнын жыйынында, Бакай-Ата, Сокулук, Ноокен, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын 4 айылдык кеңешинин  4  депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана 4 депутаттын бошогон мандатын депутаттыкка шайланган кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү чечимдери бекитилди.

 

БШКнын басма сөз кызматы 

Карап чыгуулар: (967). 19 Апреля 2017 г.