МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды

Бүгүн, 2012-жылдын 26-мартында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кезектеги жыйналышта “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктун, 7-беренесинин
1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” токтом кабыл алышты. Айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2012-жылдын 21-апрелине дайындалган. Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо 2012-жылдын 8-апрелинде өтөт.

Жыйналыштын жүрүшүндө 2012-жылдын 25-мартында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо тууралу маалымат угулду. Алсак, маалыматка ылайык, шайлоолор Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинде, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинде жана Балыкчы шаардык кеңешинде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинде, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинде жана Кемин районунун шаар тибиндеги Кемин поселкалык кеңешинде өткөн.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын 2012-жылдын 25-мартында шайлоо 35 шайлоо участкасында өттү, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны 41 373 адамды түзгөн, алардын ичинен 19 597 адам добуш берген м.а. шайлоочулардын жалпы санынын 47,4%. Ысык-Ата районунун бир шайлоо участкасындагы бир жаңжалды албаганда шайлоо одоно бузууларсыз өттү деп белгиленген. Аталган участокто 18 бюллетеньди добуш берүү үкөгүнө салуу аракетинин фактысынын алды алынган. Бул жаңжал шайлоонун натыйжасына таасир этпейт, анткени салуу аракетинин алды алынган ал эми 18 шайлоо бюллетени добуш берүү үкөгүнө түшкөн эмес.

 

Аталган бузуу боюнча аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына аталган шайлоо участогу боюнча бузууларга жол берген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн кайрылган.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2352). 26 Марта 2012 г.