МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облусунун сегиз айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

2017-жылдын 22-июнунда  КР БШКнын жыйынынын чечими менен  Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облусунун сегиз айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо  чечими кабыл алынды.

Борборшайлоокомдун тиешелүү чечимине ылайык  Чүй облусунун Жайыл районунун  Сосновка  айыл өкмөт башчысын  2017-жылдын 10-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин, Красно-Восток айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат  15-00 дөн 18-00 гө чейин өткөрүү дайындалды.

Ошондой эле Чүй облусунун  Сокулук районунун Фрунзе, Ново-Павловка, Жайыл районунун Полтавка айыл өкмөт, Жалал-Абад обулусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөт, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөт, Ош облусунун Кара-Суу районунун  Ак-Таш айыл өкмөт  башчыларын шайлоо 2017-жылдын 11-июлуна дайындалды.

Ак-Таш, Улахол, Кара-Жыгач, Полтавка, Ново-Павловка  айыл өкмөт башчыларын шайлоо  саат 9-00дөн 12-00гө, Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат  15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүү белгиленди.  

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо  аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо дайындалгандан  тартып 20 календардык күндүн ичинде  өткөрүлүшү керек.

Шайлоону  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдап өткөрүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына  тапшырылды.

 

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү 

Карап чыгуулар: (1273). 23 Июня 2017 г.