МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын шаарлардын мэрлеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды

Бүгүн, 2012-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктун, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 1,3-бөлүктөрүн,49-беренесинин 1,2-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, БШК мүчөлөрү  “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облустунун Балыкчы, Каракол, Чүй облустунун Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө” жана  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомдорду кабыл алышты.

Балыкчы, Каракол жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 2012-жылдын 28-апрелинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2012-жылдын 27-28-апрелинде өткөрүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү графиги менен бул жерден таанышсаңар болот.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1878). 12 Апреля 2012 г.