![]() “Техникалык каражаттар менен камсыз кылуу мыйзамдардагы зарыл жаңылыктар болуп калууга тийиш” |
“Талапкерлерди көрсөтүүдөн тартып шайлоонун натыйжаларын аныктаганга чейин бардык стадияларда катышуу жол-жоболору жарандарга түшүнүктүү жана ылайыктуу болушу үчүн шайлоо механизмдерин мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү зарыл” . Бул тууралу бүгүн КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов өз сөзүндө айтты. Анын айтымында, добуш берүү жол-жобосун максималдуу жөнөкөйлөтүү, алардын ачыктыгын ишеничтүүлүгүн камсыз кылуу керек. Бул максатта шайлоо процессинде добуш берүүнү, бюллетендерди эсептөөнү жана байкоо жүргүзүүнү техникалык каражаттар менен камсыз кылуу мыйзамдардагы зарыл жаңылыктар болуп калууга тийиш экендигин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы өз сөзүндө белгилей кетти. КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин отурумунда Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана РФ Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Информатизациялоонун федералдык борборунун өкүлдөрү шайлоо процессиндеги жаңы технологияларды, Шайлоо бюллетендерди комплексттүү ылгоо жана электрондук добуш берүүнүн комплексинин жабдууларын көрсөтүштү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1727). 14 Мая 2013 г. |