МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Бишкек аймактык комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана Бишкек шаардык кеңешине КАЙРЫЛУУСУ

 Урматтуу шайлоочулар жана саясий партиялардын өкүлдөрү!

Ички миграцияга байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууну камсыз кылуу максатында, Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаган жери боюнча каттоосу болбогон, жана ошондой эле шайлоо күнү катталган жери боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандарга Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 27 кошумча шайлоо комиссияларын уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынды (Тиркеме).

Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кошумча шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – Бишкек шаардык кеңешинен өкүлдөрдү көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.

Шайлоо комиссиялары шайлоону уюштуруучу жана өткөрүүчү, жарандардын шайлоо укугун ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиалдуу орган болуп эсептелет. Шайлоо комиссияларынын курамындагы жумуш жоопкерчиликтүү жана мыйзам талаптарына ылайык гана жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу, шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өзүлөрүнүн макулдугун, алардын ишке даярдык деңгээлин, шайлоо комиссияларындагы иш тажрыйбасын, ошондой эле кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.

Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – Бишкек шаардык кеңеши комиссиялардын курамын түзүүдө комиссиянын курамына көрсөтүүгө жарандардын макулдугун, ошондой эле комиссиянын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пунктта жашоого тийиш экендигин эске алуулары зарыл.

Жарандардын, коомдук бирикмелердин чогулуштарынан комиссиянын курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Протоколго чогулуштун катышуучуларынын жашаган жери көрсөтүлгөн жана колдору коюлган тизмеси тиркелиши керек.

Саясий партиялардан көрсөтүү алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек АШКга саясий партиянын жетекчисинин (чогулуштун төрагасынын) колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет.

Жогоруда аталган документтерге төмөнкүлөр тиркелет:

- шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;

-паспортунун көчүрмөсү;

- иштеген, окуган жерин, билимин (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же таржымалы) көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары;

- байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондорунун номерлери, электрондук дареги.

Саясий партиялардан кошумча шайлоо комиссияларына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 21-июлу күнү саат 18.00гө чейин Бишкек аймактык комиссиясында кабыл алынат. 

Жарандардын, коомдук бирикмелердин чогулуштарынан комиссиянын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 21-июлу күнү саат 18.00гө чейин Бишкек аймактык комиссиясында кабыл алынат. 

 

Телефондон маалымдама алуу:  Бишкек шаардык кеңеши 0(312) 62 58 14

Бишкек АШК 0 (312) 62 08 24

Карап чыгуулар: (2660). 29 Июня 2017 г.