Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органына, коомдук уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга КАЙРЫЛУУСУ |
Урматтуу шайлоочулар жана саясий партиялардын өкүлдөрү! 2012-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 63 токтому жана 2012-жылдын 8-июнундагы № 5 чечими менен участкалык шайлоо комиссиялардын (УШК) жаңы курамдарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. 2012-жылдын 12-июнунан тартып участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарына жана резервтерине саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан – Бишкек шаардык кеңешинен өкүлдөрдү көрсөтүү башталат. Эч качан болбогондой, бүгүн шайлоо тутумун реформалоо алкагында шайлоону даярдоодо жана уюштурууда бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн ролу өтө маанилүү. Андыктан, бардык шайлоо процессине карата элдин ишениминин деңгээли алардын иш-аракеттерине жараша болмокчу. Участкалык комиссиялардын курамында иштөө, адамдар менен калыс, адилет жана абийирдүү иштей билүүнү талап кылгандыгы менен жооптуу, бул комиссиянын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыз кылууда жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы – Бишкек шаардык кеңеши участкалык комиссиянын түзүүдө жарандарды комиссияга көрсөтүү учурунда алардын макулдугун эске алуулары зарыл. Көрсөтүү субүектилер шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкердин эреже катары тийиштүү калктуу пунктун аймагында жашаш керек экендигин эске алуулары зарыл. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары коюлган чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелиши тийиш. Саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынын протоколуна – төмөнкүлөр тиркелет: - участкалык комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; - паспортунун көчүрмөсү. - иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары; - байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону. Участкалык комиссиянын курамына талапкерлерди көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу кененирээк Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жободон билсеңер болот. Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2012-жылдын 25-июнунун саат 18-00 чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында кабыл алынат. Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2012-жылдын 25-июнунун саат 18-00 чейин Бишкек шаардык кеңеште кабыл алынат. Сурап-билүү телефону:Бишкек шаардык кеңеши 61-34-65, 62-26-27 Сурап-билүү телефону: Бишкек АШКсы 62-08-24, 62-08-29 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
Карап чыгуулар: (1954). 12 Июня 2012 г. |