МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргызстандын элине, саясий партияларга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарына КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

2011-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө негизги звено болуп эсептеле турган аймактык, участкалык комиссиялардын курамына  саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү башталат.

Бүгүнкү күндө, шайлоо системасын реформалоо алкагында, шайлоону даярдоодо жана уюштурууда бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн ролу өтө маанилүү. Андыктан, бардык шайлоо процесстерине карата элдин ишениминин деңгээли алардын иш-аракеттерине жараша болмокчу.

Аймактык, участкалык комиссиялардын курамына 30 миңден ашык жарандарды тартуу болжолдонууда.

Кыргыз Республикасында аймактык, участкалык комиссияларда жоопкерчиликтүү жана олуттуу иш алып бара турган жарандар аз эмес.

Аймактык, участкалык комиссиялардын курамында иштөө адамдар менен калыс, адилет жана абийирдүү  иштей билүүнү талап кылгандыгы менен жооптуу. Ошону менен бирге бул комиссиялар эки жылдык мөөнөткө, ал эми резерви беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, бул тийиштүү комиссиянын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыз кылууда жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүк органдары талапкерлердин резервин түзүүдө жарандарды комиссияга көрсөтүү учурунда алардын макулдугун эске алуулары  зарыл.

2011-жылдын 30-октябрында кыргызстандыктар өздөрүнүн тарыхый тандоосун жасайт. Бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдети – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун мыйзамдуулугун, ачык-айкындыгын камсыз кылуу менен жарандардын добуштарын эсептөө жана башка иш-аракеттерди шайлоо мыйзамдарына ылайык адилет, ачык жүргүзүү болуп эсептелет.

Аймактык, участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор (алардын резерви 11 адамдан кем эмес санда) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын жетекчилеринин колтамгасы жана мөөрү менен, ал эми саясий партияларда – чогулуштун, же анын аймактык бөлүмүнүн төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.

Саясий партиялардын жана жергилктүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын протоколдоруна тиркелет:

- Аймактык, участкалык комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө арызы.

-  Паспортунун көчүрмөсү.

-  Иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтар.

-  Байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.

 

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого аймактык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2011-жылдын 15-июлунун саат 18-00 чейин кабыл алынат, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2011-жылдын 25-июлунун саат 18-00 чейин тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарында кабыл алынат (жергиликтүү, райондук кеңештер).

Сурап-билүү телефону: 66-51-86, 62-08-29


Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 

 

Карап чыгуулар: (1664). 7 Июля 2011 г.