![]() «Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтолгондугу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын, Джумалиева Эльмира Бусурманкуловнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын 2015-жылдын 22-декабрындагы №19 чечиминин негизинде, фракциянын лидеринен Жогорку Кеңештин расмий сайтына алдын ала кезексиз 2015-жылдын 22-декабрында өтө турган отурумунун күн тартиби жайгаштырылгадыгы жөнүндө малыматты жана отурумдун Протоколду алып келүү талап кылынган. Мындан тышкары, БШКнын талабы боюнча, түп нускалар менен көчүрмөлөрдү визуалдык салыштыруу үчүн, “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тарабынан, аталган депутатардын арыздарынын түп нускалары берилген. БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткорүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын, Джумалиева Эльмира Бусурманкуловнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулуу жөнүндө токтом кабыл алынган. Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамдын 3 жана 18 беренелерине ылайык шайлоо комиссияларынын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде саясый партиялар, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт. Борбордук шайлоо комиссиясынын Конституцияга, мыйзамдарга карама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктарынан аша кетүү менен кабыл алынган чечимдери БШК тарабынан же Сот тартибинде жокко чыгарылышы зарыл. |
Карап чыгуулар: (1118). 14 Января 2016 г. |