МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШКнын жарандарга жана саясий партияларга үгүт белгилери бар маалыматтык материалдарын алдыр ала жайылтууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө Кайрылуусу

2017-жылдагы мамлекет башчысын кезектеги шайлоонун алдында, бир катар саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттарында өздөрүнүн өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер катары көрсөтүшкөндүгүн жарыялашты. Мында айрымдары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкер катары аттана тургандыктары жөнүндө материалдарды жигердүү тарата баштады,  ошондой эле талапкерлерге ат салышкандар өздөрүнүн электрондук жана басылма маалымат каражаттарындагы интервьюларында жана чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө алдын ала үгүттөө белгилери камтылган.

Мыйзамдарга ылайык, талапкерлерди, саясий партияларды, аларды  таанытууга мүмкүндүк берген  (тиешелүүлүгүн аныктаган)  эмблемаларды, төш белгилерди, логотиптерди жана анын мүнөздүү бөлүктөрүн, тууларды, ураандарды, слогандарды  жана/же  башка атрибуттарды (символикалар) аталышын пайдалануу менен (толук, кыскартылган же абрревиатурасы)  шайлоочуларга маалымдоолор, талапкерлер, саясий партиялар же алардын өкүлдөрү тарабынан үгүт жүргүзүү болуп саналат.

Мында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мөөнөтү түздөн түз каралган,   же  “шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт”.

Ошону менен, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууну пландаштырган жарандардын жана саясий партиялардын үгүт белгилери бар маалыматтык жана башка материалдарды мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда  таратуусуна жол берилбейт.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууну көздөгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына жана

саясий партияларга кайрылат жана үгүт белгилери бар материалдарды алдын ала таратуудан токтоло турууга чакырат.    

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

Бишкек ш, 2017-жылдын 4-майы  № 14 

 

Карап чыгуулар: (1072). 8 Мая 2017 г.