МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 11-февралындагы жарылыгына ылайык, жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 22-берененин 20-пунктуна ылайык шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш, башкача айтканда 2016-жылдын 19-февралынын саат 18.00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылышы керек.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                      

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 24-берененин 4-пунктунда талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек деп белгиленген.

Сурап-билүү телефону: 0 (312) 620150

Карап чыгуулар: (453). 12 Февраля 2016 г.