МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан төгүндөө

2013-жылдын 26-сентябрында саат 16.29да «24.kg» маалымат агенттигинин сайтынын “шайлоо” бөлүгүндө “Кыргызстандын БШКсы Майлуу-Суу шаарынын мэри кызмат ордуна, мурда документтерди жасалмалаган деп табылган адамды бекитти” деген аталышта макала жайгаштырылган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй маалымат берет: 2013-жылдын 26-сентябрында 2013-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу токтом кабыл алынган. Ушул маселе Боршайкомдун отурумунда буга чейин талкуланып, бирок кээ бир сунушталган документтерди тактоо максатында кийинкиге калтырылган.

Сатыбалдиев К.У. «Ак-жол-2000» дыйкан чарбасынын коммерциялык директору болуп, салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөн жок деген келип түшкөн маалымат боюнча Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, салык кызматына жана социалдык фондго тиешелүү суроо-талап жөнөтүлгөн, алар алгачкы маалымат жалган жана Сатыбалдиев К.У. бардык салыктарды, социалдык төлөмдөрдү өз убагында төлөп жүргөндүгү тууралуу маалымкат беришкен.

Борбордук шайлоо комиссиясы берилген документтердин негизинде, Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматовичти Майлуу-Суу шаарынын шайланган мэри деген аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитти.

Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы «24 kg» маалымат агенттигинин сайтында жайгаштырылган маалымат чындыкка жатпагандыгы жана шайлоо комиссиялардын гана эмес, шайлоо процессинин катышуучуларынын ишкердик аброюна залалын тийгизүүчү жалган мүнөздөгү маалымат экендиги тууралуу билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

 

Карап чыгуулар: (2089). 27 Сентября 2013 г.