![]() «Шайлоо процессинин өзгөчө жана приниципиалдуу көйгөйү – бул шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана тактоо көйгөйү” |
Шайлоо процессинин өзгөчө жана приниципиалдуу көйгөйү – бул шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана тактоо маселеси, ал көптөгөн жылдардан бери талаш-тартыштарды пайда кылып, мыйзамдарда али таасын бекемделе элек. Бул маселени терең талдоо жүргүзүү зарыл”. Бул тууралу бүгүн КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов өз сөзүндө айтты. Анын айтымында азыркы учурда айрым саясатчылар сунуш кылып жаткан шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн арыз берүү принциби терең иликтөөнү талап кылат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы “бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн укуктук статусун тактоо дагы бир маанилүү көйгөй болуп саналгандыгын. Комиссия мүчөлөрүнө көзкарандысыздыкты, коопсуздукту жана финансылык колдоону камсыз кылуу жагынан жетиштүү кепилдиктердин жоктугу көп учурда алардын иштен чыгып кетишине алып келгендигин. Ар кандай деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын ортосунда ыйгарым укуктарды тактоо маселеси чечилбеген бойдон калып жаткандыгын. Бул алардын ортосунда ыйгарым укуктардын бири-бирин кайталашына, өзүнө тиешеси жок ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышына алып келгендигин”белгиледи. КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин отурумунда Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана РФ Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Информатизациялоонун федералдык борборунун өкүлдөрү шайлоо процессиндеги жаңы технологияларды, Шайлоо бюллетендерди комплексттүү ылгоо жана электрондук добуш берүүнүн комплексинин жабдууларын көрсөтүштү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1885). 14 Мая 2013 г. |