МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө укук берүүчү документтердин тизмеси

Шайлоочулардын жеке кайрылууларына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы, Борбордук шайлоо комиссиянын 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 292 токтому менен кабыл алынган Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 8-беренесин, 23-беренесинин 3-пунктун жана 40-беренесинин 3-пунктун колдонуу жөнүндө Түшүндүрмөнү кайтадан жарыялайт.

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен Кыргыз Республикасынын шайлоо Кодексинин 8-беренесин бирдей колдонуу максатында кабыл алынган, ал боюнча шайлоочу Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерде добуш бере турган документтердин тизмеси көрсөтүлгөн түшүндүрмө бекитилген.

Төмөндө аталган документтин тексти жарыяланат.  

 

 

КР БШКнын 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 292

токтому менен бекитилген

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндө кодексинин 8-беренесин, 23-беренесинин 3-пунктун жана 40-беренесинин 3-пунктун колдонуу жөнүндө

Түшүндүрмө

 

         Ушул Түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын  суроо салуусуна берилген расмий билдирүүлөрдү эсепке алуу менен иштелип чыкты

1. Кыргыз Республикасындагы  шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин (мындан ары – Шайлоо кодекси) 40-беренесинин 3-пунктуна ылайык, шайлоо бюллетендери шайлоочулардын негизги же кошумча тизмелерине киргизилген шайлоочуларга паспортун же шайлоочунун өздүгүн ырастаган документин көрсөткөндө берилет.

2. Шайлоо кодексинин 8-беренесине ылайык, шайлоочунун өздүгүн ырастаган документтер болуп, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта) жана аны алмаштыруучу төмөнкүдөй документтер:

1)    анык аскер кызматындагы офицердин күбөлүгү;

2)    мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын аскердик билети;

3)    пенсиялык күбөлүк;

4)    айдоочунун күбөлүгү

саналат.

3. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жарандын өздүгүн ырастоочу документтер болуп, ушул түшүндүрмөнүн 2-пунктунда саналып берилген документтерден тышкары төмөнкүлөр да эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү колдонуу мөөнөтү бүтө элек паспорту (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө” токтомуна ылайык);

2) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (2000-жылдын 17-июлундагы № 61 “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 42-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобого,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобого ылайык);

3) Дипломатиялык паспорт (Мыйзамдын 42-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июнундагы № 218 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2007-жылкы үлгүдөгү дипломатиялык паспорту жөнүндө жобого ылайык);

4) Кызматтык паспорт (Мыйзамдын 42-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 105 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылкы үлгүдөгү кызматтык паспорту жөнүндө жобого ылайык);

5) Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүнүн күбөлүгү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-майындагы № 375 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүнүн күбөлүгү жөнүндө жобого ылайык).

4. Кыргыз Республикасынын аймагында шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине добуш берүү күнүнө чейин киргизилген шайлоочуларга добуш берүү бюллетени төмөнкүдөй документтерди көрсөткөндө берилет:

  • а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта);
  • б) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү колдонуу мөөнөтү бүтө элек паспорту;
  • в) белгиленген үлгүдөгү өздүк күбөлүгү;
  • г)  анык аскер кызматындагы офицердин күбөлүгү;
  • д) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын аскердик билети;
  • е) пенсиялык күбөлүк;
  • ж) айдоочунун күбөлүгү.

5. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине добуш берүү күнүнө чейин киргизилген шайлоочуларга шайлоо бюллетени төмөнкүдөй документтерди көрсөткөндө берилет:

  • а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID) карта;
  • б) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү колдонуу мөөнөтү бүтө элек паспорту;
  • в) 2004, 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт;
  • г)  2007-жылкы үлгүдөгү дипломатиялык паспорт;
  • д) 2008-жылкы үлгүдөгү кызматтык паспорт;
  • е) анык аскер кызматындагы офицердин күбөлүгү;
  • ж) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын аскердик билети;
  • з) пенсиялык күбөлүк;
  • и) айдоочунун күбөлүгү.

6. Шайлоо кодексинин 23-беренесинин 5-пунктуна ылайык, шайлоочу кошумча тизмеге төмөнкүдөй документтерди көрсөткөндө киргизилет:

  • а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта);
  • б) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү колдонуу мөөнөтү бүтө элек паспорту - каттоо белгиси (катталуусу болгондо);
  • в) белгиленген үлгүдөгү өздүк күбөлүгү.

 

(Документтин аягы)

 

 

 

Карап чыгуулар: (2042). 10 Октября 2010 г.