![]() Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын айыл өкмөт башчыларына өткөрүлгөн 160 шайлоодон 142 айыл өкмөт башчылары шайланды |
Бүгүнкү күнгө, 23-сентябрга карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан республиканын 160 аймактарында айыл өкмөттөрүнүн башчыларына бош орундар бар болгондугуна байланыштуу айыл өкмөттөрүнүн башчыларына шайлоо дайындалган. КР БШК 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 236 токтомуна ылайык 163 айыл өкмөт башчыларына бекитилген графикке ылайык 2011-жылдын 20-24-сентябрына дайындалган. Бирок, Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүндө жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндө 2 айыл өкмөт башчысын шайлоо токтотулду. Бул эмгектик талаш тартыштарга байланыштуу, алар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунуну иш өндүрүшүндө турат.Чүй облусунун Чүй районундагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жогоруда эскертилген айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы М.К.Касымалиевдин кызмат ордуна сот тарабынан калыбына келтиришине байланыштуу жоюлган. Алдын ала маалыматтар боюнча жүргүзүлгөн 160 айыл өкмөт башчысынан 142 айыл өкмөт башчысы шайланды. 18 айыл өкмөтүндө шайлоо болгон жок, анткени бир катар талапкерлер айыл кеңешитеринин депутатарынын кворумун чогулта алган жок, айыл өкмөт башчысы кызматына айрым талапкерлер шайлоо үчүн зарыл сандагы добуш ала албады, ошондой эле айрым айыл өкмөттөрүндө (Чүй облусунун Аламедин районундагы Арашан айыл өкмөтү, Талас облусунун Талас районундагы Жергетал айыл өкмөтү) көрсөтүлгөн айыл өкмөт башчысына катталган талапкерлер жок.
БШКнын басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1881). 23 Сентября 2011 г. |