МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту

2012-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Ушул Меморандумга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагагсы Т. Абдраимов менен Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы К.Турганкулов кол коюшту.

Меморандумда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен өз ара кызматташуусу тең укуктуулуктун жана кызыкчылыктарын сыйлоонун, эки мамлекеттин тең шайлоо мыйзамдарын сактоонун негизинде жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленген.

Меморандумдун алкагында кызматташтык төмөнкү багыттар боюнча өнүгүүсү каралган: шайлоо жана референдумдарды өткөрүүнү жана даярдоону уюштурууну камсыз кылган органдардын иштерин координацияларын тажрыйбалары менен алмашуу; шайлоо жана референдум жөнүндө улуттук мыйзамдарын  өркүндөтүү; жарандардын конституциялык шайлоо мыйзамдарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу; шайлоо процессине талапкерлердин жана саясий партиялардын катышуусун укуктук жагынан жөнгө салуу; шайлоо жана референдумдардын финансылык жана материалдык-техникалык жактан өркүндөтүү;  шайлоо жана референдумдарды өткөрүү мезгилинде заманбап маалыматтык технологияларын жана шайлоочуларды эсепке алуу системасын пайдалануу, жалпыга маалымдоо каражаттарды пайдалануу менен шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү мезгилинде шайлоо процессинин субъектилеринин укуктарын камсыз кылуу; референдум жана шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоо жана рефрендумдарды уюштуруучулардын даярдыктарын өркүндөтүү.

Өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумдун тексти бул жерде.

 

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1405). 10 Августа 2012 г.