МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 2013-жылдын 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине  мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу  органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 
2-пунктун, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн, 
49-беренесинин 6-бөлүгүн жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Ош облусунун Ноокат шаарларынын жергиликтүү кеңештери, Чүй облусунун Жайыл районундагы Полтавка, Кемин районундагы Көк-Ойрок, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол, Ысык-Көл районундагы Бостери, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңештери таркатылсын.

Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26-майына, жекшембиге дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштурсун.    

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү :

- мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн;

- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча   чараларды көрсүн. 

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлдү. 

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  

Карап чыгуулар: (1787). 11 Апреля 2013 г.