«Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» № 16 Жарлыкка кол коюлду |
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, төмөнкүдөй токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешине, Балыкчы, Каракол шаардык кеңештерине, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешине, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешине, Кемин районунун Кемин шаардык кеңешине, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык кеңешине, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 27-мартына дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн; - шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Аксы райондорунун, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун, Чүй облусунун Аламүдүн, Кемин жана Ысык-Ата райондорунун, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын жана Ош шаарынын мэрлери шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Берилме булагы: http://www.president.kg/ |
Карап чыгуулар: (1672). 27 Января 2016 г. |