Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду |
Бүгүн, 2013-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун жана Төрага Арнис Цимдарс башында турган Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын делегациясынын расмий жолугушуусу болду. Эки өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары саламдашуу сөздөрүн айтты, андан соң Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду. Меморандумда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосундагы кызматташтык тең укуктуулуктун жана таламдарды урматтоонун, эки мамлекеттин шайлоо мыйзамдарын сактоонун негизинде жүргүзүлөт деп белгиленген. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында шайлоону жана референдумдарды уюштурууну, даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылган органдардын кызматташтыгы жана иштерин координациялоо; ошондой эле шайлоо жана референдумдар жөнүндө улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү; жарандардын конституциялык шайлоо укуктарын турмушка ашырууну жана коргоону камсыз кылуу; шайлоо процессине талапкерлердин жана саясий партиялардын катышуусун укуктук жөнгө салуу; шайлоону жана референдумдарды финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү; шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочуларды эсепке алуунун заманбап маалыматтык технологияларын жана системаларын пайдалануу; шайлоо алдындагы үгүт учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен шайлоо процессинин субъекттеринин укуктарын камсыз кылуу; шайлоо процессинин жана референдумдардын катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоону жана референдумдарды уюштуруучуларды даярдоону өркүндөтүү сыяктуу багыттар боюнча тажрыйба алмашуу каралган. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз борборунда Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Латвияда шайлоодо натыйжаларды электрондук эсептөө жана аны колдонуу системасы деген темадагы презентациясы болду.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тексти менен бул жерден таанышууга болот.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1615). 26 Августа 2013 г. |