МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

"Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө" Токтом

"Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө"

Токтом

2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 29 Жарлыгы менен дайындалган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн шайлоо документтерин, ошондой эле  шайлоо процессинин субъектилеринин даттанууларын, актыларын карап чыгып, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларында шайлоочулардын эрк ниетин билдирүүсүнө таасир тийгизген, добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгын тактоого мүмкүндүк бербеген бузууларды аныктады.

Участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколунун жана жыйынды таблицасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24,26-пункттарына, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 38-беренесинин 5,6-бөлүктөрүнө, 
40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.

2. Ош шаарынын  №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылсын.

Ош шаарынын башка баардык шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык деп табылсын.

3. Ушул токтом менен жараксыз деп таанылган шайлоо участкаларын эсепке албаганда, 2012-жылдын 4-мартында өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 8-мартындагы Протоколу бекитилсин.

4. Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер III чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды деп эсептелсин (тизме тиркелет).

Аларга бекитилген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

5. Ушул токтом, добуш берүүнүн жыйынтыктары, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынды таблицасы жана шайлоонун натыйжалары (тиркелет) “Эркин Тоо” газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтом Ош шаарынын №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкалары боюнча бузууларга жол берген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына жиберилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.  

 

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2012-жылдын 13-марты

№39

 

Карап чыгуулар: (1929). 15 Марта 2012 г.