МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктоосу

Урматтуу Кыргызстандын жарандары!

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын атынан жана өз атыман сиздерди Кыргыз Республикасынын  Конституция күнү менен куттуктоого уруксаат этиңиздер.

1993-жылы 5-майда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында маанилүү ролду ойноду, мамлекеттүүлүктүн башкы принцибин бекемдеди, эң жогорку баалуулук- адам укуктарын  жана эркиндигин жарыялады.

Негизги мыйзам-заманбап шайлоо тутумунун негизин түздү жана бекемдеди, Кыргызстан эли мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы жана өзүнүн бийлигин шайлоо жана референдум, ошондой эле мамлекеттик  жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдардын тутуму аркылуу Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы өз ой пикирин эркин чагылдырганга мүмкүндүк берүүсү, бул демократиялык жетишкендигинин эң башкыларынын бири, ал эми шайлоолорго катышуу,  бул биздин жарандык жетилгендигибизди жана өз алдынча саясий позициябызды билдирип турат.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Конституциясы-биздин укуктук мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөө күнү менен куттуктаймын!

Сиздерге бакыт-таалай, чың ден соолук, бардык башталган иште ийгиликтерди, тынчтык жана тилектештик, кубаныч, ар бир үйдө ынтымакты каалайм!  

 

Сиздерди урматтоо менен,

КР БШКнын төрагасы Нуржан  Шайлдабекова

 


Карап чыгуулар: (952). 5 Мая 2017 г.