МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКнын төрагасы Санкт-Петербургдагы “Натыйжалуу шайлоо органдары жана демократиялык шайлоо” аттуу 14-Европалык конференцияга катышууда

КР БШКнын төрагасы Н Шайлдабекова жана КР БШКнын мүчөсү Б Кадыров 2017-жылдын 15-16-майында   Санкт-Петербургдагы Таврикалык дворецинде  өтүп жаткан “Натыйжалуу шайлоо органдары жана демократиялык шайлоо” аттуу   14-Европалык конференцияга катышууда.

Бүгүн 15-майда Конференциянын биринчи пленардык  сессиясында  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова “Кыргызстандагы жаңы шайлоо модели: жетишкендиктер жана тапшырмалар”  деген темада доклад менен чыгып сүйлөп, жыйындын катышуучуларына  шайлоо системасындагы реформалар туурасында кеңири баяндап берди.

Шайлоолорду уюштурууга жооптуу болгон Европалык конференция жыл сайын өтүүчү иш чара болуп эсептелет. Бул жылы Европа Советинин  Венециан комиссиясы Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы жана Көз каранды эмес шериктеш мамлекеттердин кызматташтыгынын  парламенттер аралык ассамблеясы менен биргелешип өткөрүп жатат.

40кка жакын мамлекеттерден 120дан ашуу катышуучулар ошондой эле эл аралык уюмдардан, борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары жана мүчөлөрү, Европа жана башка мамлекеттерден келген өкүлдөр, шайлоо органдарынын ишмердүүлгүн жакшыртуу ага карата ар кандай иш чараларды кабыл алуу, алдыңкы иш тажрыйбалар менен бөлүшүү боюнча талкууларга катышат. Конференциянын жүрүшүндө  анын катышуучулары шайлоо системасын өркүндөтүү жана мыйзам актыларын жакшыртып,  демократиялык шайлоону камсыз кылуу боюнча  “Санкт-Петербург декларациясына” кол коюшмакчы.

 

БШКнын басма сөз кызматы 

 


Карап чыгуулар: (1200). 15 Мая 2017 г.