![]() КР БШК төрагасы Т. Абдраимов жана КР БШК мүчөсү Азиз Канатбек адамдык ченем боюнча Кошумча кеңешмеге катышышты |
2012-жылдын 12, 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов жана КР БШК мүчөсү Азиз Канатбек “Демократиялык шайлоолор жана шайлоолорго байкоо жүргүзүү” темадагы Вена шаарында өткөн (Австрия) адамдык ченем боюнча Кошумча кеңешмеге катышышты. Аталган иш чара Ирландиянын Төрагачылыгы жана ОБСЕнин демократиялык институттары жана адамдын укуктары боюнча Бюросу тарабынан уюштурулган. Адамдык ченем боюнча Кошумча кеңешменин максаты - демократиялык шайлоо боюнча ОБСЕнин милдеттемелерин аткаруудагы ийгиликтүү тажрыйба менен алмашуу, ошондой эле шайлоодогу байкоонун ачкыч маселелерин жана стратегияларын талкулоо болду. Кеңешмеге ОБСЕге катышуучу-мамлекеттердин шайлоо органдарынын, ОБСЕнин институттарынын, эл аралык өкмөт уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун башка субъектилердин өкүлдөрү катышышты. Россия Федерациясынын БШК төрагасы В.Е. Чуровдун 2012-жылдын 12, 13-июлунда Вена шаарында өткөн ОБСЕнин Кошумча кеңешмесинде сүйлөгөн сөздөрүнүн материалдары менен бул жерден таанышсаңыздар болот.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2113). 30 Июля 2012 г. |