![]() БШКнын төрагасы Т.Абдраимов аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен президенттик шайлоого даярдыктын жүрүшүн видеоконференцияда талкуулады |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) төрагасы Туйгуналы Абдраимов 2011–жылдын 20–августунда Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) төрагалары менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын жүрүшүн видеоконференцияда талкуулады. Видеоконференцияда Ош, Нарын, Талас, Жалал- Абад облустарынын жана Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары аткарылган иш туурасында жана жакынкы келечектеги милдеттер туурасында айтып беришти жана токтоосуз чечүүнү талап кылган маселелерди ортого салышты. Алардын маалыматтары боюнча бүгүнкү күнгө участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүү толук аяктаган. Конференциянын жүрүшүндө ошондой эле 2011–жылдын 27–августуна белгиленген шаар мэрлерин жана ушул эле жылдын 9–октябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоону өткөрүү маселелери козголду. Аталган видеоконференция Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чечилбеген маселелерди аныктоо жана аларды ыкчам чечүү максатында алгачкы жолу өткөрүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов президенттик шайлоону шайлоо мыйзамдарын реформалоонун алкагында өткөрүү боюнча бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларына чоң милдет жүктөлгөнүн баса белгиледи жана видеоконференциянын катышуучуларын шайлоону мыйзамдарга ылайык, тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды. Т. Абдраимов аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары зарыл болгон бардык нерселер – транспорт, байланыш, оргтехника, интернет байланышы, тармак ичиндеги акысыз уюлдук байланыш менен камсыз болоорун билдирди. Бүгүнкү күнгө бардык аймактык шайлоо комиссиялары жумушчу бөлмөлөр менен камсыздалган. Жакынкы күндөрдө аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына басылып даярдалган укуктук –нормативдик актылар жана башка документтер жеткирилет. Төрага катышуучулардын көңүлүн Республикалык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу жана материалдык - техникалык маселелерди чечүүгө аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүнүн иш планына бурду. Аталган комиссияны Кыргыз Республикасынын биринчи вице–премьер -министри Өмүрбек Бабанов жетектейт. Төрага Т. Абдраимов аталган планды мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары менен чогуу реализациялоо зарылдыгын жана аткарылган иш туурасында бир жума ичинде отчет берип туруу жагын баса белгиледи. Алдыда турган шайлоону өткөрүүдө Т. Абдраимов эң татаал милдеттердин бири катары шайлоочулардын тизмеси менен иш алып барууну атады жана аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларына жана атайын өкүлдөргө шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды. Төрага шайлоо мыйзамдарына ылайык бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоочулардын тизмесин тактоодо жана түзүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү экендиктерин эске салды. Т. Абдраимов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн үй башын кыдыруу уюштурулаарын белгиледи. Ошондой эле төрага Президентти шайлоо маалына карата республика боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен төмөн турган шайлоо комиссияларынын ортосунда видеобайланыш системасын киргизүү маселеси чечилип жатканын кабарлады. Бүгүнкү видеоконференция болсо «Демократия жана жарандык коому үчүн Коалициясы» коомдук уюмунун көмөгү менен уюштурулган. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов сентябрь айынын башталышында аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуп үйрөтүүчү тренингдер уюштурулаарын маалымдады. Кийинчерээк ушундай эле тренингдер системдик администраторлор жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн уюштурулмакчы. Кошумча маалымат: республика боюнча жалпысынан 58 аймактык, жана 2289 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (2079). 22 Августа 2011 г. |