МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов АШК жана УШКлардын шайлоого даярдыктары менен таанышты

Бүгүн, 2011-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын даярдыктарын текшерүү максатында бир катар АШК жана УШКларда болду. Атап айтканда, Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларында, ошондой борбор шаардагы № 1041, 1042, 1001 УШК өкүлдөрүнүн алдыдагы шайлоого даярдыгын текшерди.

БШКнын төрагасы Т.Абдраимов буга чейин республика боюнча ушундай эле жумушчу сапарлары менен кыдырып чыккандыгын эскерте кетели. Азыркы убакта ушундай максат менен төраганын орун басарлары Г.Джурабаева жана А.Шайымкулова Ош жана Жалал-Абад облустарында жүрүшөт. 

Бишкектеги жогоруда көрсөтүлгөн шайлоо комиссияларында болгон учурда шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча комиссия мүчөлөрү тарабынан кыйла иштер аткарылгандыгы жана азыркы убакта кандай иштер жасалып жаткандыгы ачык көрүнүп турат. Алсак, Ленин аймактык шайлоо комиссиясы боюнча шайлоочулардын негизги тизмесинде 93 миңден ашуун адам бар. Ушул жылдын 20-октябрына карата 31357 арыз берилип, бул тизмедегилердин жарымынан көбүнүн маалыматтары системдик администраторлор тарабынан кылдат текшерилип чыккан.

Ошондой эле бүгүнкү күндө АШКнын шайлоочулар тизмесинде чет өлкөлөрдөгү консулдук эсепте 40 000ге жакын адам турат.

Жалпысынан КР БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов белгилегендей,  аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары ырааттуу иш алып барууда. «Учкун» ААКсында добуш берүү үчүн 2 870 000 бюллетен даярдалган. Бюллетендер бардык жерлерге жеткирилген. Ошондой эле аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүү үчүн кабинкалар жана үкөкчөлөр, уюштуруу техникалары, кеңсе буюмдары да жеткирилди. Мурда белгиленгендей,  участкалык шайлоо комиссияларында картридждердин жетишсиздик маселеси да оң чечилүүдө

 

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

 

 

Карап чыгуулар: (2685). 22 Октября 2011 г.