![]() БШКнын төрагасы Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси менен жолугушту |
Бүгүн, 2-мартта Кыргыз Респубилкасынын шайлоо жана реферндум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Джонг Бёнг-ху менен жолугушту. Бул жолугуунун максаты - 2015-жылы өткөрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжаларын талкуулоо болду, атап айтканда «Кыргыз Республикасынын шайлоо процестерин жакшыртуу» Кыргыз-корей долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сөз болду. Жолугушууда Туйгунаалы Абдраимов Корей Республикасынын Өкмөтүнө жана Корей эл аралык кызматташтык боюнча агенттигине (KOICA) Парламенттик шайлоону өткөрүүдө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле тараптар 2016-жылдын күзүнө пландаштырылган шайлоону өткөрүү багытында кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. КРнын Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1062). 2 Марта 2016 г. |