МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчисинен ыраазычылык кат алды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчисинен ыраазычылык кат алды.

Ыраазычылык катта төмөнкүлөр белгиленет:

“Урматтуу Туйгуналы Дүйшөналиевич,

“Россия Федерациясынын Президентин шайлоо жөнүндө” Федералдык мыйзамга ылайык жана “Россия Федерациясынын Президентин шайлоо жөнүндө” Россия Федерациясынын Федералдык Жыйналышынын Федерация Кеңешинин токтому менен жана Кыргыз Республикасынын бийлиги менен макулдашуу боюнча 2012-жылдын 19-февралынан 4-мартына чейинки мезгилде республиканын аймагында Кыргыз Республикасында турган россиялык жарандардын арасында Россия Федерациясынын Президентин шайлоо өткөрүлгөндүгүн Сизге урматтоо менен билдирем.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана жеке Сизге Россия Федерациясынын жарандарынын турмушундагы эң маанилүү иш чараны уюштурууда жана өткөрүүдө биздин өтүнүч боюнча практикалык көмөк көрсөткөндүгүңүзгө ыраазычылык билдирип кетким келет.

Урматтуу Туйгуналы Дүйшөналиевич,  Сиздин дайыма көңүл буруп турганыңызга биздин терең ыраазычылыгыбызды, урматтообузду  кабыл алыңыз.”

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (1713). 16 Марта 2012 г.