МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасыСади Гювен: Биз КР БШК менен Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин ортосунда келишимге кол коюуга даярбыз

10-декабрдаКыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасыНуржан Шайлдабекова, БШКнын мүчөлөрү Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешининтөрагасы Сади Гювен жетекчилик кылган делегация менен жолугушту.

Н.Шайлдабековаөлкөнүн жетекчилигинин толук колдоосу менен Борборшайком шайлоо тутумун реформалоонүн үстүндө иштеп жатканын, технологияларды улам өркүндөтүү менен добуштарды саноонун автоматташтырылган түзүлүшүн киргизгенин билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө КР БШКнын башчысы шайлоонун жүрүшү жөнүндө Түркия тараптын пикирин угуу Кыргызстанга маанилүү экенин айтты.

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сади Гювен өз кезегинде төмөнкүлөрдү билдирди: “Түркиянын 54 регионунда акыркы мезгилде шайлоо процесси чуулгансыз өтүүдө. Ошону менен бирге биз Кыргызстандан үйрөнө турган учурлар бар, ошондуктан биз эки өлкөнүн борбордук шайлоо органдарынын ортосунда тыкыс мамиле түзгүбүз келет, кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюуга даярбыз”.

Эки тарап тең мындан ары кызматташууга даярдыгын билдиришти.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1161). 10 Декабря 2016 г.