МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Пресс релиз

Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер А.Ш.Атамбаевдин шайлоо штабы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча мыйзам талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы  2011-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер А.Ш.Атамбаевге жиберген жазуу жүзүндөгү эскертүүсүнө карата 19-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна даттануу менен кайрылган.

2011жылдын 22-сентябрында сот Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер А.Ш.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү И.Жолдубаеванын доо арызын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алган жана Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер А.Ш.Атамбаев Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузбагандыгы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий шартында 2011-жылдын 22-сентябрында саат 18ге чейинки мөөнөттө расмий төгүндөө берүүгө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын милдеттендирүү менен жогоруда көрсөтүлгөн эскертүүнү жараксыз деп тапкан.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2011-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөлдөө даттануусун жиберген.

2011-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын көзөмөлдөө даттануусун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен соттук чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча мыйзам талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер А.Ш.Атамбаевге даректелген Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 17-сентябрындагы № 03-1/12-ВП-419 эскертүүсү жоюлганы жөнүндө билдирет. Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер А.Ш.Атамбаев Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузган эмес.

 

  БШКнын Басма сөз кызматы

 

 

Карап чыгуулар: (2541). 23 Сентября 2011 г.