МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Россия Федерациясынын БШК мүчөсү Е.Дубровинанын пресс-конференциясы

Бүгүн, 2011-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма-сөз борборунда Россия Федерациясынын БШК мүчөсү Е.Дубровинанын пресс-конференциясы өттү.

Дубровина айым у.ж.2-сентябрындагы жумуш сапарында шайлоо тутумунун жаңылануулары менен, тактап айтканда, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы  менен таанышууга мүмкүнчүлүк болгондугун белгилей өттү.

Елена Дубровина өткөн шайлоолордун шайлоо процесстеринин кемчиликтеринин катарында щайлоо бюллетендеринин дүмүрчөкттөрүнүн бар болгондугунун оң таасирдүүлүгү  жөнүндө айтты. Ошондой эле ал шайлоо күнүнө 1 күн калганда  “тышкары жайларда” добуш берүү нормасын позитивдүү баалады.

Ушулар менен бирге, РФ БШК мүчөсү 12 участкалык шайлоо комиссияларында жүргүзгөн байкоолорунун натыйжасындагы кемчиликтерге токтолду. Бирок, ал бардык шайлоо участкаларда добуш берүү процесси жалпысынан бузууларсыз өткөндүгүн белгилей кетти.

РФ БШК мүчөсү Е.Дубровинанын  журналисттердин суроолоруна жооп берүүсүндө 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары эч кандай күмөн жаратпай тургандыгын айтты.

Эскерте кетсек, 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоосунда КМШ байкоочулар Миссиясынын 177 өкүлү эл аралык байкоочулар катары республика боюнча 45 УШКда байкоо жүргүзүштү.

 

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  басма-сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2479). 31 Октября 2011 г.