МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Пресс - релиз

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Атамбаевдин шайлоо штабы 19-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Атамбаевдин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2011-жылдын 17-сентябрында талапкерге жиберилген жазуу жүзүндөгү эскертүүсүнө даттанган. 2011-жылдын 19-сентябрында сот Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү И.Жолдубаеванын доо арызын канаттандыруу жөнүндө чечим кабыл алган жана жогоруда көрсөтүлгөн эскертүүнү жараксыз деп таап, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузбагандыгы жөнүндө 2011-жылдын 22-сентябрында саат 18ге чейинки мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына расмий түрдө жокко чыгарууга милдеттендирген.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 2011-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөлдөө даттануусун жиберди.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы 

Карап чыгуулар: (2344). 20 Сентября 2011 г.