![]() Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди бекитилген мөөнөттө кол коюу баракчаларын бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартуусу жөнүндө токтомду кабыл алды |
Бүгүн, 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн кезектеги жыйналышында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1,2,4-пункттарына ылайык “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин каттоодон баш тартуусу жөнүндө” токтомду кабыл алды. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуу ниети жөнүндө арыз тапшырган төмөнкү адамдар Президенттин кызматына талапкерди колдоо үчүн колтамга чогултуу боюнча баракчаларды Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамында бекитилген мөөнөттө тапшырбагандыгына байланыштуу каттоодон баш тартты:
БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөткөн Эгембердиев Өмүрбек Амантуровичтин өзүнүн шайлоо фондусун убагында түзбөгөдүгүнө байланыштуу каттоодон баш тартуу жөнүндө маселени кийинкиге калтырышты. Буга чейинки токтом менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөткөн Апасов Кубанычбек Тунгучбаевичке талапкерди колдоодогу шайлоочулардын так колтамгаларынын саны жетишсиз болуп калгандыгына байланыштуу каттоодон баш тартылды. Мындан тышкары, шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартибин сактабагандыгына жана кол коюу баракчалардын формаларын бузулушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөткөн Кудайбергенов Борончу менен Айтикеев Акбаралыга каттоодон баш тартылды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Гайша Ибрагимованын 2011-жылдын 8-сентябрындагы, Зарылбек Кудабаевдин 2011-жылдын 9-сентябрындагы, Нурлан Мотуевдин 2011-жылдын 28-августундагы берген арыздарынын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүн жетекчиликке алынып, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулду. Ошентип, 2011-жылдын 12-сентябрына караштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин 32си дагы жокко чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул эле жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамат Орозбаевди каттоодон чыгаруу үчүн тиешелүү укуктук нормаларды тактоого БШК мүчөсү Канат Абдукадыров жетекчилик кылган Жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Эскерте кетсек, КР БШКнын 2011-жылдын 9-ноябрындагы №335 токтому менен М.Орозбаев “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан ЖК депутаты болуп катталган. 23 аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Алар: Баткен облусунун Кадамжай АШКсы, Бишкек ш. Ленин, Свердлов, АШКры, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон АШКры, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп АШКры, Нарын облусунун Тогуз Торо, Нарын, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын шаардык АШКры, Ош облусунун Кара-Суу, Кара Кулжа, Араван АШКры, Талас облусунун Манас, Кара-Бура, Бакай-Ата АШКры, Чүй облусунун Ысык-Ата, Панфилов, Москва, Жайыл, Аламүдүн, Токмок шаардык АШКры. Талапкерлерди каттоо иштери 2011-жылдын 25-сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин үгүт жүргүзүү иштери башталат, ал 29-октябрда аяктайт. Кыргыз Республикасын Президентин шайлоосу 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1705). 12 Сентября 2011 г. |