МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо документтерин жеткирүү жөнүндө чечим кабыл алынды

Кечээ,  17-октябрда, саясий партиялардын өкүлдөрү менен  консультациялардан кийин, Борбордук шайлоо комиссиясы райондук жана шаардык шайлоо комиссияларында сактоодо турган шайлоо документтерин БШКга жеткирүү жөнүндө чечим кабыл алды.  

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунда көп каталар табылгандыгына байланыштуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында кабыл алынды.

 Шайлоочулардын тизмеси изилдегенден кийин БШК негизги жана кошумча тизмеге киргизилген шайлоочулардын так санын  жана тийиштүү түрдө саясий партиялар үчүн беш пайыздык босогону аныктаган шайлоочулардын санын расмий жарыялайт.

Шайлоо документтерин жеткирүү кечээ, БШК чечим кабыл алгандан кийин башталды. Бишкекке жеткирүүдө бул документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары тарабынан күчөтүлгөн кайтаруу камсыз кылынат.  Документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн чаралардын ачык-айкындуулугу үчүн, күчөтүлгөн кайтаруудан тышкары БШКнын мүчөлөрүнөн жана саясий партиялардын өкүлдөрүнөн нөөмөт уюштурулду.   

Шайлоочулардын тизмелерин текшерүү бардык райондордон жана шаарлардан шайлоо документтери жеткирилгенден кийин  жана саясий партиялардын жана өкмөттүк эмес сектордон байкоочулардын милдеттүү катышуусунда жүргүзүлөт.   

 

Карап чыгуулар: (2006). 18 Октября 2010 г.