МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

2012-жылдын 4-мартында өткөн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын тизмесин ачуу жөнүндө чечим кабыл алынды

Бүгүн 2012-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 6-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитишти.
2012-жылдын 6-майында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча бардыгы 21 шайлоо участоктору уюшулган.

Жыйналышта ошондой эле КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 4-мартында өткөн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын тизмесин ачуу жана түзүлүшүн иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышты.

Төмөндө чечимдин текстин толугу менен келтиребиз.

 

2012-жылдын 4-мартында өткөн Токмок шаардык

кеңешинин депутаттарын шайлоодо

шайлоочулардын тизмесин ачуу жана түзүлүшүн иликтөө жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн  Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу  № № 7063, 7064, 7069, 7071, 7075, 7076, 7077, 7080, 7081 шайлоо участкалары боюнча шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын  шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө арыздар, даттануулар жана актыларга, ошондой эле 2012-жылдын 4-мартындагы Токмок  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын эрк ниетин билдирүүсүнө таасир тийгизген, добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгын тактоого мүмкүндүк бербеген бузууларга байланыштуу, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  36-беренесинин 14-бөлүгүнө, 38-беренесинин 6-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 26-пункттарына ылайык, арыздардын жана даттануулардын негиздүүлүгүн иликтөө максатында  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧТИ:

1. Токмок  аймактык шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 4-мартындагы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу №№ 7063, 7064, 7069, 7071, 7075, 7076, 7077, 7080, 7081 шайлоо участкалары боюнча шайлоочулардын тизмеси таңгакталган  пакеттерди (мешокторду, кутучаларды) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жеткирсин жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана шайлоого катышкан саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен аларды ачуу ишке ашырылсын.

2. Бул чечим “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К. Джурабаевага жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2012-жылдын 23-марты

Карап чыгуулар: (1734). 23 Марта 2012 г.