МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

2013-жылдын 18-августунда өткөрүлгөн Кара-Суу шаардык кеңешинин, Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңешинин, Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылды

Борбордук шайлоо комиссиясы 2013-жылдын 18-августунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өттү деп тапты.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Ата-Мекен” саясий партиясынан Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүл К.Абдуллаевден жана “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын райондук координатору Х.Азимовдон арыздар келип түшкөн.

Арызда шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгондугу жана аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жана Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүшкөн. Бул арызда көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды кароо максатында БШК тарабынан 2013-жылдын 26-августундагы буйругу менен курамы  БШКнын 3 мүчөсүнөн турган (Акматов Ж.А., Бекбасаров Р.Б., Азиз Канатбек) жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун маалымкатына ылайык белгиленген мыйзам бузуулар шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен эмес.

Жумушчу топтун маалымкатына, добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 18-августунда өттү деп таанылды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү кайрылуулар (арыздар, даттануулар, актылар) келип түшкөн жок.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (657). 5 Сентября 2013 г.