МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кара-Суу шаарында, Тогуз-Торо айылында жана Терек-Сай айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү

Кечээ, 2013-жылдын 18-августунда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешине, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык кеңешине жана Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кара-Суу шаарында шайлоочулардын келиши – 72,5%ды (6482 шайлоочу), Тогуз-Торо айылында – 56,7%ды (1234 шайлоочу), Терек-Сай айылында 57,7%ды (1115 шайлоочу) түздү.

Аймактык шайлоо комиссияларына 2013-жылдын 19-августунда саат 08.00гө карата даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2197). 19 Августа 2013 г.