МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мөөнөттөрү жана каржылоо маселелери боюнча түшүндүрмөсү

Айрым массалык мааылмат каражаттарында жана маалымат булактарында КР БШК төрагасы Акылбек Сариевге шилтеме жасоо менен боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин  шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен чыгымдардын суммасына  тиешелүү ар кандай билдирүүлөр келтириле баштагандыгына байланыштуу төмөндөгү түшүндүрмөнү таратабыз:  

- “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзам долбоорлорун иштелип чыккандыгы жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынгандыгы белгилүү. Аталган мыйзам долбоорлору күчүнө киргенде боло турган президенттик шайлоолорду өткөрүү үчүн алдын ала эсеп боюнча 795 млн. сом талап кылынмак. Мындайча айтканда 2011-жылдын республикалык бюджетинде боло турган президенттик шайлоолорго 179 млн. сом каралгандыгын эсепке алганда, бюджеттен кошумча дагы 616 млн. сом табуу талап кылынмак. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-пунктуна ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылган чыгымдар көбөйүү каралган мыйзам долбоорлору КР Өкмөтү каржылоо булактарын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш кабыл ала тургандыгын белгилей кетүү зарыл.

Жогоруда кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун чыгымдары мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла тургандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти мыйзам долбоорлоруна карата  каршы пикирин парламентке билдирип, Жогорку Кеңештин регламентине ылайык макулдашылган вариантты иштеп чыгуу сунушу менен кайтарган.

Жогорку Кеңештин профилдик комитети, парламенттеги Президенттин, Өкмөттүн өкүлчүлүктөрү менен бирдикте мыйзам долбоорлорунун демилгечилери  мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча макулдашылган вариантты иштеп чыгышкан. Макулдашылган мыйзам долбоору боюнча президенттик шайлоону өткөрүүгө 319 млн. сом талап кылынат, анын ичинен 210 млн. сому - биринчи турга. Жогоруда белгиленгендей алдыдагы президенттик шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен 179 млн. сом өлчөмүндөгү сумма каралган, сунушталган макулдашылган вариант боюнча 620 млн. сомдун ордуна кошумча 130 млн. сом талап кылынат.

Өлкөнүн Президентин шайлоо датасын ушул жылдын ноябрь айына которуу жөнүндө маалымат тууралу айтсак, КР БШК төрагасы Акылбек Сариведин бул сунушу макулдашуу комиссиясына бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын түзүү үчүн белгилүү убакыт керектегинен, божомол боюнча бир айдан кем эмес убакыт талап кылынаарынан келип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1464). 23 Июня 2011 г.