МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Бүгүн, 2012-жылдын 16-ноябрында мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталат

2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 2012-жылдын 16-ноябрынан тартып 24-ноябрына чейин өтөт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо участкасына добуш берүү күнү келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында же кетип жаткандыгына байланыштуу өлкөдө болбой тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде, ошондой эле тиешелүү документтерди (иш сапар күбөлүгүнүн көчүрмөсү, авиабилет, темир жол билети, паспорттогу виза) көрсөткөн учурда добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календарлык күн калганда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын жайында шайлоо бюллетенин толтуруу аркылуу мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1152). 16 Ноября 2012 г.